ɫ

Мектептер менен ЖОЖдордун кыргыз тили мугалимдери үчүн квалификациясын арттыруу курсу

Мектептер менен ЖОЖдордун кыргыз тили мугалимдери үчүн квалификациясын арттыруу курсу

21&Բ;октября&Բ;2024

“Билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү – бул улутту жок кылуу ...”

Үстүбүздөгү жылдын июль айында (2 – 31.07.24.) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун жана Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Окутуу, билим берүү жана технологиялар борборунун колдоосу астында мектеп жана ЖОЖдордун 100гө жакын окутуучулары “Кыргыз тили академиялык окуу жана жазууда” программасы боюнча квалификация арттыруу курсунан өтүштү. Курс тууралуу сурап БААУнун Окутуу, билим берүү жана технологиялар борборунун жетекчиси, PhD Ангелина Момчиловна Поповага жана курстардын насаатчысы, БААУнун профессору, филология илимдеринин доктору Уулкан Джолдошбековна Камбаралиевага кайрылдык.

– Уулкан Джолдошбековна, эмне себептен курс академиялык окуу жана жазууга арналды жана өлкөбүздүн ар кандай аймактарынан чогулган мугалимдер менен окутуучулардын катышуусундагы мындай масштабдык иш-чараны өткөрүү идеясы кантип жаралды?

– 2020-жылы ЖОЖдор үчүн академиялык окуу жана жазуу боюнча алгачкы окуу куралы “Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда” жарык көргөн. Аны КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Социалдык интеграциялоо борборунун программасынын (жетекчи – М. Ю. Глушкова) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун (координатор – Г. Э. Артыкбаева) алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары Г. О. Шавралиева жана Ж. К. Жапарованын катышуусунда иштеп чыккам. Эмгекке КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү басылып, аны өлкөнүн билим берүү мекемелеринде пайдалануу сунушталган. Мына ошол күндөн тарта окуу китеби көптөгөн окуу жайларда окутулуп, бирок окутуу процессинде мугалимдерде академиялык окуу жана жазууга байланышкан суроолор пайда болгон. Мындай курсту өткөрүү идеясы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин өкүлдөрүнө таандык: доцент, педагогика илимдеринин кандидаты З.Ж. Каразаковага жана улук окутуучу Г.Б. Мамадиевага. Жайында алар мага онлайн семинар өткөрүү сунушу менен кайрылышып, анда аталган окуу китебин пайдалануу методикасы боюнча маселелерди жана сабактарды интеграцияланган окутуу көйгөйлөрүн талкуулоону өтүнүшкөн. Буга чейин тилдерди окутуу методикаларынын көйгөйлөрү боюнча семинарлар менен тренингдерди жана академиялык окуу жана жазуу принциптерин үйрөтүүнү оффлайн өткөрүп келгем.

Биздин убакта ааламдашуу процесстери жана маалыматтык коомго өтүү илимий гана чөйрөдө эмес, ошондой эле маданияттар аралык, жада калса катардагы инсандардын ортосундагы баарлашууда да маалыматтык алмашуунун Эл аралык нормаларына өзгөчө талаптарды коюуда. Мындай ракурстан алып караганда заманбап жана ийгиликтүү адам, ошондой эле мыкты адис - бул эң оболу академиялык жактан сабаттуу адам. Ошондуктан бул курстун башкы максаты окуучулар менен студенттердин адабий кыргыз тилинин деңгээлин жакшыртуу ыкмаларын талкуулоо жана академиялык окуу жана жазуу системаларынын принциптерин колдонуу жолу менен алардын окуу ишмердүүлүгүн жыйынтыктарын жогорулатуунун жаңы жолдорун аныктоо болду.

– Сиздерди төмөнкү мекемелер колдогонун айттыңыз: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун жана Борбордук Азиядагы Америкиалык университетинин Окутуу, билим берүү жана технологиялар борбору

– Ооба, платформа жана БААУнун техникалык колдоосу бизге курс тарабынан коюлган максаттарга жетүүгө, ошондой эле анын жыйынтыктарын аныктоого жана тастыктоого жардам берди. Биздин борбор педагогикалык ишмердүүлүгүбүздөгү чоң таяныч болуп эсептелет. Ал өткөргөн семинарлар жана тренингдердин негизинде БААУнун профессордук-окутуучулук курамы билим берүү тармагындагы бардык технологиялык жаңычылдыктардан кабардар болуп, өз кесипкөйлүк куржунун жаңы битлимдер менен толуктап турат. Биз аларга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мен жогоруда белгилеп кеткендей, “Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда” эмгеги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун колдоосу менен иштелип чыккан. Курстарды өткөрүү учурунда Институттун кызматкерлери аны уюштурууга активдүү катышышты. Андыктан аларга да ыраазычылык билдиребиз.

– Ангелина Момчиловна, Борбордун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

– Биздин борбордун ишмердүүлүгүнүн максаты – маалыматтык-байланыштык технологиялардын принциптерине негизделген окутуу процессиндеги инновациялык билим берүү технологияларын активдүү жана эффективдүү пайдаланууга көмөктөшүү жана биздин окуу жайдын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде макамын жогорулатууга өбөлгө түзүү. Борбордун ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири болуп окутуучулук курамды заманбап санарип технологияларын жана академиялык окуу жана жазуу принциптери маанилүү орунду ээлеген окутуу методикаларын окутуу эсептелет.

Биздин борбор КРнын билим берүү жана илим министрлиги менен жигердүү кызматташып келет. Мисалы пандемия учурунда 2020-жылы биз акысыз семинарлар менен тренингдери өткөргөнбүз, мугалимдердин онлайн окутуу ыкмаларын өздөштүрүүсү жана санариптик ресурстарды пайдалануусу үчүн, массалык онлайн-сабактарды иштеп чыгуу жана өткөрүүгө көмөк көрсөттүк. Мындай ишмердүүлүгүбүз үчүн министрлик тарабынан бир нече жолу ыраазычылык каттарын алганбыз.

Менин оюмча, сабактардын ар кандай көйгөйлөрү жана аларды окутуу методикалары боюнча семинарлар менен тренингдер жана Уулкан Джолдошбековна тарабынан өткөрүлгөн курстар тынымсыз өткөрүлүп туруусу керек. Анткени алар билим берүү деңгээлин жогорулатып, мектептер менен ЖОЖдордо окутуу процесстеринде билим берүү технологияларын пайдаланууну жакшыртат.

– Курстарда дагы кандай көйгөйлөр талкууланды жана сиздин көңүлүңүздү эмнелер өзүнө бурду? Мектептер менен ЖОЖдордун педагогдорун баарынан да эмне түйшөлтөт?

У. Дж. Камбаралиева: – Маселелер абдан көп болду. Мугалимдердин жаш мууну тил жана ой жүгүртүү, окутуу жана билимдердин бет ачарларын жасоо ыкмаларына байланышкан маселелер кызыктырганы кубандырбай койбойт. Биз билим берүү жана окутуу көйгөйлөрүн гана эмес, ошондой эле коомдун маданиятынын, окутуучунун коммуникативдик жүрүм-турумунун маселелерин талкуулап, “жакшы сабактын” критерийлерин жана башка көптөгөн суроолорду карап чыктык. Катышуучулардын кызыкчылыктарынан көз каранды түрдө биздин билимдердин объектилери кеңейип жатты. Катышуучулар өз ишмердүүлуктөрүндө кабылган көйгөйлөр тууралуу айтып беришти, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Аягында баарын талкууладык. Мисалы олуттуу көйгөй – биздин кылымдын жаштарынын тоталдык түрдө сабатсыздыгы. Мындай көрүнүштүн себептеринин бири деп интернетке чектен аша кызыгуу жана алектенүү эсептелет. Анткени интернет жаш муундун когнитивдик өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Билим берүүдөгү мындай абал тууралуу Россиянын жана башка постсоветтик өлкөлөрдүн окумуштуулары белгилеп келишет.

А. М. Попова: – Мен сиздин пикириңизге кошулам. Тилекке каршы бул көйгөй бүт мамлекеттерге таандык. Азыркы жаштар кенен дүйнө таанымы жана алынган билимдерди системалаштыруу жөндөмү менен мактана алышпайт. Муну учурда орун алып жаткан “ашыкча маалыматтык жүктүн” кесепети деп карасак болот. Бул чечим кабыл алып жаткан адамдын чоң көлөмдөгү маалыматка тушугуп жаткан абалды түшүндүрөт. Мына ошондуктан мугалимдердин жумушу бир кыйла татаалдашты жана аларга карата талаптар жогорулады. Себеби сиз жогоруда кеп кылып жаткан когнитивдик өнүгүү өзүнө көп нерселерди камтыйт: эстеп калуу ыкмаларын, көңүлдү жыйноону, сын көз-карашта ойлонууну, жада калса тил өздөштүрүүнү, окуу жана үйрөнүү ыкмаларын жана башкаларды.

У. Дж. Камбаралиева: – Ооба туура айтасыз. Бирок мындан да жаман көрүнүш - бул мугалимдердин өзүнүн сабатсыздыгы, руханий дүйнөсүнүн жардылыгы жана муну өзүлөрүнүн моюнга албоосу, өз билим деңгээлин жогорулатуунун үстүндө алектенбөөсү. Айтылуу Н. А. Некрасов айткандай, “акылдуу, мээримдүү, түбөлүктүү нерселердин үрөөнүн себүүнүн” ордуна педагог окуучуларына кайдагы бир шумдуктарды айтат. Курстун катышуучусу, Бишкек шаарынан келген бир кесиптеш кызы менен болгон бир окуяны айтып берди. Тарых сабагында мугалим эгер Улуу ата мекендик согушта фашисттер СССРди жеңип чыкса, анда биз жыргал жашоодо жашамакпыз деп айтыптыр. Бул окуя мени абдан ирээнжитти. Атам согуш ардагери, УАСтын баатыры болгону жана аталган согушта дайынсыз жоголгон аскерлердин жээни болгонум үчүн гана эмес. Мени баарынан да ошол тарых мугалиминин ХХ кылымдын эң бир коркунучтуу трагедияларынын бири жана Гитлердин дүйнөнү багынтуу боюнча пландарын билбегени абдан таң калтырды! Айтор бизде ушундай “мугалимдер” бар экен билимдин сапаты жана академиялык сабаттуулук тууралуу айтуунун өзү мүмкүн эмес! Өкүнүчтүүсү жашообуз көрсөтүп жаткандай, аталган көрүнүштөр учурда көбөйүп барууда.

А. М. Попова: – Ооба, шок абалына жеткирчү көрүнүш. Бул мугалимдин кесипкөй эместигинен кабар берет. Кээ бир өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бардык деңгээлдеги педагогдордун аттестациясы билим берүүдөгү көйгөйлөрдүн масштабын конкреттүү түрдө аныктоого жардам берет. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолдорунун бири – бул мугалимдерге ар кандай билим алуучулардын жана контексттердин керектөөлөрүнө жооп берген эффективдүү педагогикалык тежнологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү. Бул жактан алып караганда институттардын квалификацияларды арттыруусу мамлекеттин билим берүү ресурсун өнүктүрүү процессине чоң салым кошот. ЖОЖдор менен мектептердин программаларына академиялык окуу жана жазуу сабагын кошуу да билим берүү деңгээлин жогорулатууда алга чоң кадам болмок. Анткени ушул тапта ыкмалар менен компетенциялардын бүтүндөй бир комплексин камтыган академиялык сабаттуулук дүйнөлүк билим берүү мекемелери тарабынан окутуу процессинде негиз салуучу жана приоритеттүү багыт катары таанылган.

У. Дж. Камбаралиева: – Ооба, окумуштуулар белгилегендей, билим берүү сапатын жакшыртуу комплекстик чараларды талап кылат: педагогдордун мотивациясын кесиптин макамы менен иштөө шарттарын өзгөртүү жолу менен жогорулатуу, жумуштун реалдуулуктарын эске алуу менен болочок мугалимдерди даярдоо системасын кайра карап чыгуу жана башкалар. Ангелина Момчиловна, квалификацияларды арттырууда институттардын ролун жакшы белгилеп кеттиңиз. Үзгүлтүксүз кесипкөйлүк өнүгүү үчүн контексттик-көз каранды мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу мугалимдердин билиминдеги боштуктарды толтурууга жана тиешелүү түрдө билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт түзмөк.

Меним оюмча бизде Кыргызстанда бардык билим берүү мекемелеринин кире беришине ТАРдагы Стелленбосс окуу жайындагыдай жазууну илип коюу керек: “Каалаган улутту жок кылуу үчүн атомдук бомбалар же алыскы аралыкка атылуучу ракеталар талап кылынбайт. Болгону билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү жана окуучуларга сынактарда калп айтууга уруксат берүү жетиштүү”.

А.М. Попова: – Абдан таамай айтылган сөз! Менимче мындай жазууну Билим берүүчү жана Билим алуучу бар бардык жерде жасоо керек.

– Сиздерге кызыктуу маегиңиздер үчүн чоң рахмат! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздерди Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз. Ардактуу кесибиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028