ɫ

“Ылгоо 1.0”: Кыргызстандын мектептери менен окуу жайларынын арасындагы биринчи экоквесттин жыйынтыктары

“Ылгоо 1.0”: Кыргызстандын мектептери менен окуу жайларынын арасындагы биринчи экоквесттин жыйынтыктары

9&Բ;декабря&Բ;2024

Сентябрдын аягында Жарандык активдүүлук борбору Кыргызстандын мектептери менен окуу жайларынын арасындагы “Ылгоо 1.0” экоквестин өткөрүү тууралуу маалымдаган. Мындай квест республикада биринчи жолу өткөрүлмөк. Долбоордун демилгечиси “Жашыл БААУ” программасы болду. Аталган программа 2022-жылдын февраль айынан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, калдыктарды башкаруу, жаңы экоадаттарды калыптандыруу жана аң-сезимдүү керектөөгө арналган. Ноябрда экоквесттин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аталды.

Иш-чаранын башында экоквесттин катышуучуларына БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун аткаруучу директору Нуржамал Карамолдоева жылуу салам айтты. Ал командалардын активдүүлүгү менен демилгелүүлүгүн, туруктуу бекем өнүгүү үчүн экоквесттин маанилүүлүгүн белгиледи. “Биздин борбордуг максаты – өз билимдерин Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн пайдалана турган лидерлерди тарбиялоого көмөктөшүү”,- деп баса белгиледи Нуржамал айым.

Сынакка катышуу тилегин Кыргызстандын дээрлик 100 окуу жайларынан 120 команда билдирген. Катышуучулардын жаш курагы ар түрдүүчө болду: 5-6-класстардын окуучуларынан тарта ЖОЖдордун студенттерине чейин. Экоквест Эл аралдык форматка ээ болду, анткени ага Эл аралык медицина жогорку мектебинде билим алган Индия жана Пакистандын студенттери да катышты. Белгилей кетсек, бардык эле мектептерде окуучулардын демилгелери колдоого алынган эмес. Алсак бир мектепте команда мугалимдеринин колдоосуна арзыбаса да, аларды ата-энелери ар тараптан колдоп беришкен.

Сыйлык тапшыруу салтанаты формалдуу эмес шартта өткөрүлдү. Сынактын финалына чыккан командалар өз жетишкендиктерин көрсөтүштү. Анын ичинде чыгармачылык өнөрлөрүн да. Алсак Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн “ЭкоZaman” командасынын жигиттери “Манас” эпосунун үзүндүлөрүн 3 тилде айтып беришти жана кыргыз улуттук бийлерин бийлеп беришти. Чүй облусунун Николаевка айылынын “Green Dreams” командасы экология темасында мини-спектакль коюп берди. Ал эми Эл аралык медицина жогорку мектебинин “Арт-клуб Таланты” командасы чакан концерт тартуулады.

Сынактын уюштуруучуларына жеңүүчүлөрдү аныктоо оңой болгон жок. Финалчылардын баары берилген маселелерди чечүүдө максатка карай тайманбастык жана өжөрлүктү, а кээ бир учурларда стандарттык эмес ыкмаларды көрсөтүштү.

Ошентип, байгелүү үчүнчү орунга эки команда илинди: Бишкек шаарынын №13 мектебинин “Thirteen – evergreen” жана Эл аралык медицина жогорку мектебинин “Арт-клуб Таланты” командалары. Ар бир команда 400 АКШ доллары өлчөмүндө грантка ээ болушту.

Экинчи орунду Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок орто мектебинин окуучуларынан куралган “ЭкоZaman” командасы камсыздады. Бул команданын өкүлдөрү пластикалык бөтөлкөлөрдүн капкактарын кайра иштетүүнүн кызыктуу жолун ойлоп табышкан. Жылуулук менен кайра иштетүүнүн негизинде аларды ойноо үчүн чүкөлөргө айландырышкан. Жада калса атайын ураан да чыгарышкан: “Капкак алып келип чүкөгө ээ бол!”. Экинчи орундун байгеси 600 АКШ долларын түздү.

Ал эми “Ылгоо 1.0” экоквестинин жеңүүчүсү Чүй облусунун Николаевка айылынын жаш тургундарынан түзүлгөн “Green Dreams” командасы болду. Алар квесттин 10 тапшырмасын так аткарып гана тим болбостон, кошумча алтоону да аткарышкан. Белгилей кетсек, бул айылдык мектеп болгондуктан, шаардык командаларга салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу. “Green Dreams” командасы болуп көрбөгөндөй биримдикти жана максатттан кайра тартпастыкты көрсөтүштү. Команданын катышуучуларынын биринин төмөнкү сөзү экоквесттин ураанына айланды: “Эгер муну биз жасабасак, анда аны эч ким жасабайт”. Биринчи орун үчүн гранттын сумаасы – 1000$.

Дагы 4 командага көңүл жубатарлык сыйлыктар тапшырылды – суммасы 300 АКШ долларын түзгөн акчалай белектер:

  • “Данек” окутуу-тарбиялоо комплекси, 6-7 класстар, Кызыл-Кыя шаары
  • “Жашоо жалбырактары”, №2 орто мектеп, 7-класс, Нарын шаары
  • “Жашыл Тумар”, №2 мектеп, Баткен шаары
  • “Green Flag”, №65 экологиялык-экономикалык лицей, 10-класс, Бишкек шаары

Утуп алган гранттарынын негизинде байге ээлери өз окуу жайларында калдыктарды башкаруу боюнча экологиялык демилгелерди өнүктүрүү жана жайылтуу, зарыл болгон эко-боксторду, урналарды сатып алуу, тренингдерди өткөрүү жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Командалардын кураторлорунун ролун аркалаган БААУнун лидер студенттери аталган идеяларды ишке ашырууга активдүү жардам беришмекчи. Өзүлөрүнүн жарым жылдык долбоорлорунун жыйынтыктары менен жетишкендиктери тууралуу командалар 2025-жылы апрель айында БААУда өтчү кезектеги экофестивалда айтып беришет. Айтор жеңип чыккан командалар үчүн долбоорлорунун үстүндө толук кандуу иш алып баруу эми гана башталууда. Алдыда жасала турган жумуштар көп. “Ылгоо 1.0” Кыргызстандын жаштары үчүн таймаш гана эмес, ошондой эле шыктандыруучу окуя да болуп калды.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028