30&Բ;января&Բ;2025
8-февралда БААУда Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Университет абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин, жалпы эле каалоочулардын баарын аталган иш-чарага катышууга чакырат.
Бул күнү сиз окууга тапшыруу шарттары, сынактар, окутуу программалары тууралуу маалымат аласыздар. Бирок эң башкысы сиз бир күнгө БААУнун атмосферасына сүңгүп киресиз: кампус менен таанышуу, аудиторияларга баш багуу, китепкананын кызматынан пайдалануу, биздин студенттердин кантип сабактарга даярдануусуна күбө болуу, ашканада даам сызуу.
Студенттик “Миррорс” театры иш-чаранын коноктору үчүн атайын шоу даярдоодо, ал күндүн аягында форумда орун алат.
Баарынан маанилүүсү, окууга тапшырып жаткандар жана алардын ата-энелеринде окуу жайдын президенти Тимоти О'Коннор менен баарлашып, кызыктырган суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Ачык эшиктер күнүнө каттоо: .
Фото из архива