ɫ

VICTORIA 2025

VICTORIA 2025

20&Բ;февраля&Բ;2025

#европатаануу#es

VICTORIA сынагы – бул БААУнун “Европа таануу” факультетинде бакалаврдык программа боюнча билим алуу үчүн стипендияга ээ болууну каалаган Кыргыз Республикасынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жана орто билим тууралуу аттестатка ээ 22 жашка чейинки жаштарынын арасында европалык реалдуулуктар жөнүндө билимин текшерүү сынагы.

Сынактын программасына Европа Биримдигинин география, искусство, тарых, адабият жана саясаты тууралуу суроолор киргизилген. Ар бир катышуучу каттоодон онлайн өтүүсү керек. Сынак БААУнун компьютердик класстарында өткөрүлөт. Сынактын жеңүүчүлөрү окутуунун акысын төлөө үчүн чоң арзандатууларды алышат.

“Виктория 2025” сынагынын маанилүү даталары:

  • Каттоонун башталышы: 20-февраль 2025
  • Каттоонун аякталышы: 19-март 2025, 18:00
  • Сынак өтүүчү күн: 22-март 2025, 9:00

Жыл сайын өтүүчү VICTORIA сынагынын Жобосу менен кылдат таанышып чыгууну өтүнөбүз:

Сынактын жеңүүчүлөрү “LAS-Европа таануу” факультетинде билим алуунун бардык мезгили үчүн арзандатуулар менен сыйланат:

  • 1-орунду ээлеген жалгыз жеңүүчүгө - LAS-Европа таануу багытында 8 семестр билим алууга 100% арзандатуу
  • 2-орунду ээлеген эки сыйлыкка - LAS-Европа таануу багытында 8 семестр билим алууга 60% арзандатуу
  • 3-орунду ээлеген 3 сыйлыкка - LAS-Европа таануу багытында 8 семестр билим алууга 40% арзандатуу.

Кошумча маалыматтар сынактын баракчасында:

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028