Медициналык кеңсенин кызматтарына дагы эмнелер кирет:
- БААУнун талаптарынын негизинде студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер
тарабынан берилүүчү медициналык документтерди чогултуу, эсепке коюу жана
каттоо;
- Башка шаарлардан жана өлкөлөрдөн келген студенттерге оорусу жана
Медициналык кеңсеге медициналык жардам сурап кайрылуу фактысы жөнүндө
билдирме берүү (Медициналык кеңсеге оорусу башталгандан кийин
кайрылуусунан кийин дароо жана 7 күндөн кем убакыт ооруган учурда);
- Ооруп калган студенттин тиешелүү дарылануудан өтүүсүн көзөмөлдөө. Илдетке
чалдыккан студентке сабакка катышууга ал медициналык кеңсеге айыккандыгы
тууралуу зарыл болгон бардык документтерди бергенден кийин гана уруксат
берилет;
- Ден-соолукту сактоо уюмдарынын дарыгерлери менен адистеринен алынган билдирмелерди чындыка дал келүүсүн тастыктоо;
- БААУнун аймагында кабыл алынган анын коомчулугунун турмушунун коопсуздугунун эрежелерин сактоо;
- студенттер, окутуучулар жана кызматкерлерге профилактикалык жана башка медициналык иш-чаралар тууралуу маалыматтарды өз убагында жеткирип туруу;
- университетте санитардык-гигиеналык режимдин сакталышын көзөмөлдөө;
- университетте санитардык агартуу, анын ичинде инфекциондук жана митечилик ооруларды профилактикалоо боюнча изилдөөлөрдү уюштуруу;
- университетте инфекциондук жана митечилик оорулардын жайылышы тууралуу эскертүүлөр боюнча эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- ден-соолукту сактоо тармагында башка медициналык адистер менен кызматташуу жана ден-соолукту сактоо маселелерине арналган башка мекемелер тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышуу.
Медициналык кеңсенин милдеттери төмөнкүчө:
- Студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин ден-соолугун сактоо жана
чыңдоо;
- дарылоочу жана ден-соолукту чыңдоочу иш-чараларды өткөрүү;
- студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин ооруларына системалык түрдө байкоо жүргүзүүнү ишке ашыруу;
- Окуу жайда санитардык нормалар менен эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу, анын ичинде университеттин коомдук тамактануу чөйрөсүндө да.
Кенен маалымат:
Сурап-билүү үчүн