«Математика акылды тартипке салат, ошондуктан аны окуу керек»
Ломоносов M.
Математика – адамзат маданиятынын бир бөлүгү жана ар бир заманбап адам үчүн маанилүү болгон эркин билим берүүнүн негизи. Математикалык ыкмаларды колдонуу ар бир адистин мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондуктан студенттер үчүн математика логиканын, индуктивдик жана дедуктивдик ыкмаларды өздөштүрүүнүн пайдубалы болуп саналат. Математика аркылуу студенттер кесиптик ой жүгүртүүсүн калыптандырат.
Google математикага негизделет. Финансы жана банк тармактары математикасыз мүмкүн эмес. Санарип дүйнө – бул математика. Галилео Галилей да табияттын мыйзамдары математика тили аркылуу жазыларын айткан. Колдонмолуу математика жана информатика кафедрасы сизге дүйнөнү башкара турган татаал системаларды түшүнүү жана XXI кылымды алып кете турган системаларды түзүү үчүн керектүү шаймандарды берет.
Кыскача айтканда, сиз математикалык моделдерди үйрөнөсүз. Математикалык моделдер глобалдык экономиканы иштетет. Сиз финансы рыногун, банк жана камсыздандыруу тобокелдиктерин баалоону, чоң системаларды башкарууну үйрөнөсүз. Ошондой эле моделдер сизге зилзала, цунами жана айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү алдын ала айтуу үчүн керек болот. Бул моделдердин негизинде сиз математикалык анализ, дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы, математикалык статистика, сандык математика, маалымат структуралары жана алгоритмдер, жогорку деңгээлдеги программалоо тилдери, программалык камсыздоонун негиздери жана башка сабактарды окуйсуз. Булардын баары өз тармагындагы алдыңкы профессорлор тарабынан берилет.
Сиз айлана-чөйрөнү сүрөттөй турган моделдерди талдай жана түзө аласыз. Улуттук статистика комитети, эл аралык банктар жана инвестициялык компаниялар, IT жана программалык камсыздоо ишканалары – булар сиздин математика жана англис тилиндеги жогорку деңгээлиңизди каалаган иш берүүчүлөр. Сиз көптөгөн тармактарда иштей аласыз, ар түрдүү дисциплинардык долбоорлорго катыша аласыз жана бул көндүмдөргө суроо-талап ар дайым болуп турат.
Колдонмолуу математика жана моделдөө программасы БААУда жаңы болгону менен, бул багытта олуттуу окугандар жакшы жыйынтыктарга жетишкен. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мурдагы жетекчилери Улан Сарбанов жана Бактыгүл Жээнбаева математикалык моделдөөнү өздөштүргөн. Мындан тышкары, Мурат Шайымкулов, Куват Каныметов жана Жетиген Бакиров мамлекеттик кызматта маанилүү орундарда. Ал эми БААУнун бүтүрүүчүсү Тилек Мамытов, Программалык инженерия багыты аркылуу математикага байланыштуу билим алып, учурда Европада Google компаниясында иштейт.
Бүтүрүүчүлөр банк секторунда, консалтингде, камсыздандыруу жана аудит компанияларында, өндүрүш ишканаларында бизнес- жана системалык аналитик, маалымат базаларын түзүүчү адис катары иштей алышат. Алар Bard дипломун алышат жана билимдерин бизнес, экономика, колдонмолуу математика жана компьютердик илимдер боюнча АКШ, Англия жана Германиянын университеттеринде магистратура жана аспирантура деңгээлинде уланта алышат.