ɫ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бүтүрүү тууралуу маалымат

Бүтүрүү тууралуу маалымат

БААУнун бүтүрүүчүсү болуу үчүн студент төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:

  • 240 кредиттен кем эмес топтоо (анын ичинде программалык практика үчүн алынган кредиттер);
  • Жалпы билим берүү программасынын бардык талаптарын аткаруу;
  • Кеминде бир багыттын бардык талаптарын аткаруу;
  • Баштапкы (100-деңгээлдеги) курстардан 102 кредиттен ашык албай;
  • Мамлекеттик бүтүрүү экзамендеринен ийгиликтүү өтүү;
  • Бүтүрүүчү диссертацияны/проектти ийгиликтүү жазып, коргоо.

Бүтүрүү экзамендери

Жалпы билим берүү жана академиялык программалардын бардык талаптарын ийгиликтүү аткарган студенттер мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыра алышат. Бүтүрүү үчүн студент төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  • Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзаменден (семестрдин аягында тапшыруучу) өтүү;
  • Бүтүрүүчү диссертацияны/проектти ийгиликтүү жазып, коргоо;
  • Өзүнүн негизги жана кошумча багыты (эгер болсо) боюнча эки же андан ашык мамлекеттик экзамендерден ийгиликтүү өтүү.

Мамлекеттик экзамендердин баалары транскриптте көрсөтүлөт. Бүтүрүү аттестациясына (мамлекеттик экзамендер, квалификациялык иштер жана диссертация) баа берүү жана баалоо критерийлерин Программа координатору аныктайт, алар БААУнун Академиялык Сенаты тарабынан бекитилет жана бүтүрүү алдында турган студенттерге жеткиликтүү кылынат.

Аттестациялык экзамендерди тапшыруу тууралуу маалымат студенттерге кеминде төрт ай мурун жарыяланат. Акыркы мамлекеттик аттестация Академиялык календарга ылайык өткөрүлөт.

Дипломдук артыкчылыктар

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бакалавр даражасын артыкчылык диплому менен алуу үчүн төмөнкү критерийлер аткарылышы керек. Академиялык программасын мыкты аяктаган студенттер (“A”, “A-” бааларын 75% же андан көп сабактардан алып, калган сабактардан “B+”, “B”, “B-” бааларын алган) жана мамлекеттик экзамендердин баарын “A” же “A-” баалары менен тапшырган студенттер Кыргыз мамлекеттик артыкчылык дипломуна ээ болушат.

Бизнести башкаруу жана Эл аралык жана бизнес укугу багыттарында окуган, жогорку академиялык жетишкендиктерге ээ болгон студенттер бакалавр даражасын артыкчылык менен ала алышат. Артыкчылык дипломдорунун критерийлери БААУнун Академиялык Сенаты тарабынан бекитилип, төмөнкүлөрдү камтыйт:

Summa cum laude
Биринчи даражадагы бакалавр дипломун алуу үчүн студент төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

  • Кумулятивдик орто баа 3.8 же андан жогору;
  • Бүтүрүү диссертациясы боюнча “A” баасы (англис тилинде жазылган жана корголгон);
  • Мамлекеттик экзамендердин баарын “A” баасы менен тапшыруу;
  • Зарыл курстар боюнча C- ден төмөн баа албоо.

Magna cum laude
Экинчи даражадагы бакалавр дипломун алуу үчүн студент төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

  • Орто баасы 3.6 же андан жогору;
  • Бүтүрүү диссертациясы боюнча “B+” же андан жогору баа алуу (англис тилинде жазылган жана корголгон);
  • Мамлекеттик экзамендердин баарын “B+” же андан жогору баа менен тапшыруу;
  • Зарыл курстар боюнча C- ден төмөн баа албоо.

Cum laude
Үчүнчү даражадагы бакалавр дипломун алуу үчүн студент төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

  • Орто баасы 3.5 же андан жогору;
  • Бүтүрүү диссертациясы боюнча “B” же андан жогору баа алуу (англис тилинде жазылган жана корголгон);
  • Мамлекеттик экзамендердин баарын “B” же андан жогору баа менен тапшыруу;
  • Зарыл курстар боюнча C- ден төмөн баа албоо.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028