ɫ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бард колледжинен кредиттерди которуу

Бард колледжинен кредиттерди которуу

Бард колледжи менен алмашуу программасына катышкан студенттер ал жакта 16-17 кредит (толук жүктөмдөгү студенттик норма) алышат. Студенттер Бард колледжине курстарга катталуудан мурун, сабактарды тандоо маселесин академиялык кеңешчиси жана бөлүмдүн координатору менен талкуулап, алардын жактыруусун алууга тийиш. Кредиттер студенттин камсыздаган силлабусунун негизинде, эгерде БААУда ошол курс менен барабар (эквиваленттүү) курс болсо, которулат.

Бард колледжиндеги толук жүктөмдөгү окуу БААУдагы толук жүктөм катары эсептелет. Бард колледжиндеги 1 төрт-кредиттик курс БААУдагы 1 алты-кредиттик курс катары которулушу мүмкүн. Кредиттерди которуу чечимин тиешелүү бөлүмдүн координатору кабыл алат.

Спорт курстары:

Бард колледжинде спорт расмий курс катары сунушталбайт, бирок студенттер ар кандай спорттук секцияларга катышып же спорт командасынын мүчөсү боло алышат. Бул спорттук талаптарга жараша эсептелиши мүмкүн. Студент Бард колледжинин Атлетика боюнча директорунан сааттардын саны көрсөтүлгөн сертификат алуу аркылуу өзүнүн спорттук жүктөмүн тастыкташы керек.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028